Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жарандар жеке маалыматтарын кайсы мекеме, качан жана кандай максатта сураганын текшере ала турган жаңы сервис ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу эл аралык “Data Protection Forum 2026” форумунда белгилүү болду.
Аталган сервисти иш-чарада Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров тааныштырды.
Ага ылайык, “Суроо-талаптардын тарыхы” деп аталган сервис жарандарга өздүк маалыматтарынын колдонулушун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, кайсы бир мамлекеттик орган жаран тууралуу маалымат сураса, бул аракет системада катталып, тиркемеде көрсөтүлөт.
Сервисте суроо-талап жөнөткөн мекеменин аталышы, кайрылган убактысы жана максаты тууралуу маалымат берилет. Ал эми жарандын жеке маалыматтарынын өзү бул журналда сакталбайт.
Учурда сервис пилоттук режимде иштеп, ага беш мекеме кошулууда. Алар — Мамлекеттик салык кызматы, “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, Социалдык фонд, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана Саламаттык сактоо министрлиги.
Алгачкы этапта “Түндүк” акционердик коому аркылуу “Санарип документтер” кызматы боюнча, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык жана наркологиялык мекемелерден берилүүчү маалымкаттар кызматы боюнча суроо-талаптарды көрүүгө болот.
Жаңы сервисти колдонуу үчүн “Түндүк” тиркемесиндеги жеке профилге кирип, “Суроо-талаптардын тарыхы” бөлүмүн ачуу керек.