Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. “Түндүк" тиркемесинде жарандардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн эл аралык коопсуздук стандарттары колдонулат. Бул тууралуу “Түндүк” ААКнын ведомстволор аралык санариптик чечимдерди башкаруу департаментинин директору Айдар Токторбаев эл аралык “Data Protection Forum 2026” форумунда билдирди.
“Тиркемеде кирүүдө эки баскычтуу текшерүү каралган. Колдонуучу алгач логин жана сыр сөз аркылуу кирип, андан кийин SMS, электрондук почта же башка жеткиликтүү ыкма менен өздүгүн ырастайт. Кийинки кирүүлөрдө төрт орундуу кодду же Face ID, Touch ID сыяктуу биометрикалык ыкмаларды колдонсо болот”,-дейт ал.
Токторбаев белгилегендей, маалыматтарды коргоо талаптары үзгүлтүксүз жаңыртылып, тиркеменин коопсуздугу текшерилип турат. Ошондой эле жаңы технологиялар жана коопсуздук жаатындагы өзгөрүүлөргө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, ал форумдун алкагында “Түндүк” тиркемесинде жарандарга жеке маалыматтарын кайсы мекеме, качан жана кандай максатта сураганын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген “Суроо-талаптардын тарыхы” жаңы кызмат тааныштырылганын билдирди.
Аталган кызмат жарандарга жеке маалыматтарынын колдонулушун көзөмөлдөөгө жана аларга уруксатсыз кирүү учурларын аныктоого жардам берет. Маалыматтарды мамлекеттик органдар гана эмес, коммерциялык уюмдар да сураган учурларды тиркеме аркылуу текшерүүгө болот.