Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинде санариптик коопсуздук борбору түзүлөт

Санарип Кыргызстан
WhatsApp Image 2026-10-28 at 11.22.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 11.22.16.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-28 at 11.22.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 11.22.16.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо жана аларды пайдалануунун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө багытында иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, агенттик акыркы үч жылдан бери мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын жеке маалыматтарды коргоо талаптарын сактоосун текшерип келет. Мындан тышкары, бул багыттагы укуктук базаны өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жарандарга жеке маалыматтарын коргоого жардам берүүчү электрондук сервистерди иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

“Алдыдагы пландарыбыздын бири — агенттиктин алдында Санариптик коопсуздук борборун түзүү. Ал өлкөдөгү жеке маалыматтардын агымын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мыйзам талаптарынын сакталышын текшерүү иштерин кеңейтүүнү көздөп жатабыз”, — деди Кылымбек Мадалбеков.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, “Түндүк” тиркемесинде жарандар жеке маалыматтарын кайсы мамлекеттик орган, качан жана кандай максатта сураганын текшере ала турган “Суроо-талаптардын тарыхы” аттуу жаңы сервис пилоттук режимде ишке киргизилүүдө.

Орун басардын айтымында, сервис жарандарга жеке маалыматтарынын колдонулушун көзөмөлдөөгө жана мыйзамсыз суроо-талаптар аныкталган учурда агенттикке кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.

“Мисалы, жаран калкты тейлөө борборуна паспортун алмаштыруу үчүн кайрылса, анын маалыматтары эмне себептен суралганын биле алат. Эгер жаран кайсы бир мекемеге кайрылбаган болсо, бирок ал мекеме анын жеке маалыматтарын сураганы аныкталса, анда агенттикке кайрылып, мыйзам бузуу болгон-болбогонун тактата алат”, — деди ал.

Жаңы сервисте жеке маалыматтарды сураган мекеменин аталышы, суроо-талаптын убактысы жана максаты көрсөтүлөт. Мында жарандардын жеке маалыматтарынын өзү журналда сакталбайт.

Сервисти колдонуу үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесиндеги жеке профилге кирип, “Суроо-талаптардын тарыхы” бөлүмүн ачуу керек.