Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө санариптик трансформация биздин мамлекетти өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу эл аралык “Data Protection Forum 2026” форумунда президенттик администрациянын Кырдаалдык борборунун директору Азат Ибраимов билдирди.
Анын айтымында учурда заманбап, ыңгайлуу сервистерди, мамлекеттик башкаруунун санариптик чечимдерин жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу багытында иштер жасалууда.
“Биз муну санариптик туруктуулук деп атайбыз. Бирок, санариптештирүү бул заманбап санариптик технологиялар гана эмес, бул маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын коргоого жана санариптик технологияларга болгон коомдук ишенимди сактоого чоң жоопкерчилик. Жеке маалыматтар бүгүн жөн гана маалымат эмес, бүгүн бул биздин жеке жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Ошондуктан, жеке маалыматтарды коргоо биздин мамлекеттин өнүгүү саясатынын негизги жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
2025-жылы жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы заманбап укуктук механизмдерди түзүүдө маанилүү кадам болуп калды. Ошол эле учурда анын өзгөчө мааниси аларды практика жүзүндө колдонуу, бийлик органдарынын жана уюмдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү болуп саналат. Мында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин ролу чоң. Мекеме акыркы жылдары өтө чоң көлөмдөгү жумушту аткарды”, - деп белгиледи Ибраимов
Директор белгилегендей, жеке маалыматтарды коргоо тутумунун натыйжалуулугу мамлекеттин, эл аралык өнөктөштөрдүн, жеке сектордун жана жарандык коомдун тыгыз кызматташуусу менен гана мүмкүн болот.
“Жасалма интеллекттин тез өнүгүшү, чоң маалыматтарды иштетүү технологиялары жана санариптик платформалар жеке маалыматтарды коргоо маселелеринин актуалдуулугун дагы да жогорулатат.
Технологиялар өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошол эле учурда аларды жоопкерчиликтүү түрдө колдонуу, маалыматтарды иштетүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу жана адам укуктарын коргоонун бекем кепилдигин түзүү зарыл.
Ошондуктан мындай платформалар абдан чоң мааниге ээ, алар эл аралык тажрыйба алмашууга, практикалык чечимдерди иштеп чыгууга жана коопсуз келечекти түзүү үчүн кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт”, - деп кошумчалады ал.
Директор куттуктоо сөзүн сүйлөө менен бирге Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан грамоталарды тапшырды.
Белгилей кетсек, учурда аталган агенттиктин 5 жылдыгына арналган эл аралык форум өтүп жатат. Ага жеке маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана расмий делегациялары, IT тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда.