Бишкек, 30.10.26 /Кабар/. Бишкектеги Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун 116 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн, экономикасынын, илим-билиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан тууралуу тарыхый эстутумду сактоого багытталды.
Эскерүү кечеге Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова, студенттер, окуучулар ыктыярчы жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Исхак Раззаковдун келечекке каты" аттуу чыгарма окулуп, концерттик программа тартууланды.
Кече үй-музей боюнча экскурсия менен жыйынтыкталып, анын катышуучулары көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин өмүрү жана ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.