Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, станциянын орточо электр кубаттуулугу 223 МВтты түзөт.
Учурда 6 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. Ал эми 8 от казан агрегаты жана 3 турбоагрегат резервде турат.
Негизги жабдуулар белгиленген технологиялык параметрлерге ылайык иштөөдө.
Ишкана учурдагы жүктөмгө жана белгиленген иштөө режимдерине ылайык электр жана жылуулук энергиясын туруктуу өндүрүүнү улантууда.