Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бишкекте кимчи фестивалы өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, фестиваль 7-ноябрда Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында уюштурулат.
Иш-чараны Кореянын Кыргызстандагы элчилиги мэриянын көмөгү менен өткөрөт.
Фестивалдын алкагында коноктор корей ашканасынын эң белгилүү салттуу тамактарынын бири болгон кимчинин даамын татып көрүп, аны даярдоо боюнча мастер-класска катыша алат.
Ошондой эле корей элинин салттуу кийими — ханбокту кийип көрүү мүмкүнчүлүктөрү күтөт.