Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрь саат 10:00гө карата Бишкек шаарындагы “Бишкекжылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн 77 пайызына жакыны жылытуу системасына кошулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда “Бишкекжылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкекте үйлөргө жылуулук берүү күн мурун, 28-октябрдан тарта башталган.