Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Бишкек – Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун айрым тилкелеринде негизги катмарды төшөө, суу агызуучу арыктарды жана тротуарлардын бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле долбоордун алкагында 3+900 ПК тилкесиндеги жаңы көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктады.
Мындан тышкары, Күнтуу айылынан Токбай айылына чейин 7,5 чакырым таза суу түтүгү тартылып, электр мамычалары менен чубалгылары көчүрүлдү.
Белгиленгендей, жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен курулуп жатат. Учурда бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.