Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери активдүү уланууда.
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Учурда Күнтуу айылынан Кара-Сакал айылына чейинки тилкеде жолдун негизин бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатат.
Ошол эле учурда Күнтуу жана Кызыл-Туу айылдарынын ортосундагы тилкеге электр линияларынын тирөөчтөрү жылдырылып, жаңы электр линиялары жана долбоордун алкагында Токбай айылында 2,7 чакырым суу түтүктөрү орнотулууда.
Белгилей кетсек, бул жолдун 6,7 чакырымына асфальт-бетон төшөлмөсүнүн биринчи катмары 2025-жылы төшөлгөн.