Бишкек – Кант – Токмок унаа жолу: Августта колдонууга берилет

Коом Загрузка... 06 Апрель 2026 16:05
copyright icon WWW

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Бишкек – Кант – Токмок унаа жолун кеңейтүү жана модернизациялоо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Учурда жолду оңдоо алкагында төмөнкү иштер аткарылып жатат:

  • Асфальт-бетондун биринчи катмары толугу менен төшөлүп бүттү;
  • Электр жана байланыш линияларын коопсуз жерге жылдыруу иштери аяктап, жаңы электр мамычалары жана тосмолордун тирөөчтөрү орнотулууда;
  • Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана арыктарды салуу иштери жүрүүдө;
  • Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөдө капиталдык жаңылоо иштери аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунун 3,85 чакырымдык тилкесин толугу менен пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын август айына мерчемделген.