Бишкек – Балыкчы поезд каттамынын убактысы 3 саат 40 мүнөткө чейин кыскарышы мүмкүн

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 17:55
1087409933_0_21_204.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" Бишкек – Балыкчы багытындагы поезд каттамын мындан ары өнүктүрүп, жол жүрүү убактысын 3 саат 40 мүнөткө чейин кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде ишкананын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, инфраструктура жана кыймылдуу курам жаңылангандан кийин каттамдагы жол жүрүү убактысы беш сааттан төрт саатка чейин кыскарган. Учурда жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана каттамды жакшыртуу боюнча иштер уланууда.

Ошондой эле Балыкчы – Чолпон-Ата багытындагы жаңы темир жол линиясын куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Курулуш иштерин келерки жылы баштоо пландалууда.

Мындан тышкары, "Кыргыз темир жолу" Кочкор багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүнү көздөп жатат. Жаңы линиялардын курулушу Нарын облусунун тургундары үчүн Бишкекке темир жол аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.