Билим берүү өзөктүк курал коркунучунун алдын алууда маанилүү роль ойнойт – ТИМ

Коом Загрузка... 05 Март 2026 13:30
WhatsApp_Image_2026_E0yZ6XW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев Бишкекте өтүп жаткан "Тынчтык жана коопсуздук үчүн билим берүү" аймактык конференциясында өзөктүк куралсыздануу боюнча билим берүүнүн мааниси жөнүндө айтып берди.

Асеин Исаев билдиргендей, бул күндү белгилөө демилгеси эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынган.

Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюму өзөктүк курал менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн бул күндү бардык өлкөлөрдө белгилөө сунушун колдоду.

"Азыр бул күндү майрам деп атоо кыйын, анткени өзөктүк курал темасы актуалдуу бойдон калууда. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө, бизде өзөктүк курал жок. Ошондуктан, коопсуздукту кантип камсыз кылууну жана өзүбүздү кантип коргоону түшүнүү биз үчүн маанилүү. Биз агартуу жана коомчулукту маалымдоо аркылуу өзөктүк куралдын коркунучтарын жана аны колдонуу кабыл алынгыс экенин түшүндүрүшүбүз керек деп эсептейбиз", - деди ал.

Министрдин орун басары 1945-жылы Хиросима менен Нагасакидеги кайгылуу окуяларды эске салып, өзөктүк курал колдонуунун кесепеттери бүткүл адамзат үчүн эскертүү бойдон кала берерин белгиледи.

Ошондой эле Исаев кошумчалагандай, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин өзөктүк куралды жок кылууга милдеттенме алган. Кийинчерээк Борбор Азиянын башка мамлекеттери бул демилгеге кошулуп, региондо өзөктүк куралсыз аймакты түзүүнү колдошту.

“Беш өзөктүк держава — АКШ, Россия, Кытай, Франция жана Улуу Британия Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы эч качан өзөктүк курал колдонбоого кепилдик берген. Мүмкүн болгон чыр-чатактарга карабастан, алар аймактын мамлекеттерин мындай курал менен коркутпоону убадалаган”, - деди ал.