Бүгүнтөн тарта лицензиясы жок таксисттер айыпка жыгылат — Кабар

Бүгүнтөн тарта лицензиясы жок таксисттер айыпка жыгылат

Коом 1 июль 2026 12:45
Бүгүнтөн тарта лицензиясы жок таксисттер айыпка жыгылат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында лицензиясы жок жүргүнчү ташыган таксисттерге карата айып пулдар салына баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, бүгүн, 1-июлдан тарта такси кызматын көрсөтүү үчүн тиешелүү уруксат кагазы жок айдоочуларга административдик чаралар көрүлө баштады.

Тактап айтканда, белгиленген талап аткарылбаган учурда жеке жактарга 7 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Учурда өлкө боюнча "Коомдук транспорт" аталышындагы рейддик иш-чаралар жүрүп жатат.

ЖКККББдан белгилешкендей, лицензиясы жок айдоочулар дагы эле тиешелүү документтерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

"Жетишпей калгандар лицензия алуу үчүн кайрыла берсе болот. Анткени лицензия берүү токтотулган жок", — деп айтылат маалыматта.

Башкармалык айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү документтерди тариздеп алууга чакырат.