Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймакта жаан жаап, туман түшүшү күтүлөт

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 09:43
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.11.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, эртең менен жана күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Талас облусунда +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында+5…+10, Нарын облусунда -1…-3 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында +5…+7, Ош шаарында +7…+9 градус жылуу болот.