Берлинден "Кыргыз почтасы" аркылуу келген белектер өз ээлерине жетти

Коом 17 декабрь 2025 17:31
692a2e573a6f4..max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
692a2e544cb4f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
692a2e573a6f4..max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
692a2e544cb4f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Германияга болгон иш сапарынын алкагында Берлиндеги "Кыргыз почтасы" ААКтын эл аралык почта алмашуу бөлүмү аркылуу жөнөткөн белектери кичинекей дарек ээлерине ийгиликтүү жетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары Назгүл Бабаканова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, 29-ноябрда Адылбек Касымалиев Берлинге Германия болгон иш сапарынын алкагында "Кыргыз почтасы" ААКтын эл аралык почта алмашуу бөлүмүнө барып, өзүнүн атынан Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине 50 белек жөнөткөн.

Белек топтомдорунун курамында өнүктүрүүчү оюндар, таанып-билүүчү китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар бар.