Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын борбору Берлиндеги "Кыргыз почтасынын" эл аралык борборуна барып, Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине өзүнүн атынан 50 белек топтомун символикалык түрдө жөнөттү.
Жаңы жылдык баштыктарда өнүктүрүүчү оюндар, китептер жана таттуулар бар.
Белектерди жөнөтүү Адылбек Касымалиевдин борбордун иши менен таанышуу учурунда ишке ашты.
Төрага белгилегендей, Германиянын борборунда мындай почта түйүнүнүн иштеши ата мекендик ишкерлер үчүн Европа рынокторуна жол ачат. Касымалиев жөнөтүлгөн белектер Бишкекке тез арада жетип, жаңы жыл алдында балдарды кубантат деген ишенимин билдирди.