Касымалиев Берлиндеги Кыргыз почтасынын эл аралык почта алмашуу борборуна барды

Министрлер кабинети 30 Ноябрь 2025 09:10
692a2e4eb9579-thumb.jpeg
692a2e4f5d177-thumb.jpeg
692a2e50e6f1f-thumb.jpeg
692a2e51cf8a1-thumb.jpeg
692a2e52cf17d-thumb.jpeg
692a2e58efc31-thumb.jpeg
692a2e544cb4f-thumb.jpeg
692a2e573a6f4-thumb.jpeg
692a2e5540c0a-thumb.jpeg
692a2e53445e9-thumb.jpeg
692a2e58862e0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
692a2e4eb9579-thumb.jpeg
692a2e4f5d177-thumb.jpeg
692a2e50e6f1f-thumb.jpeg
692a2e51cf8a1-thumb.jpeg
692a2e52cf17d-thumb.jpeg
692a2e58efc31-thumb.jpeg
692a2e544cb4f-thumb.jpeg
692a2e573a6f4-thumb.jpeg
692a2e5540c0a-thumb.jpeg
692a2e53445e9-thumb.jpeg
692a2e58862e0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Берлинге болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын борборундагы “Кыргыз почтасы” ААКнын чет өлкөдөгү эл аралык почта алмашуу борборуна барды.

Сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасына борбордун ишмердүүлүгү, анын ичинде эл аралык почтаны сорттоо, таңгактоо, кайра иштетүү жана жөнөтүү боюнча заманбап технологиялары тууралуу маалымат берилди.

“Кыргыз почтасынын” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев ошондой эле борбордун мындан аркы өнүгүү пландарын, анын ичинде логистикалык потенциалды кеңейтүү жана почтаны кайра иштетүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы санариптик чечимдерди ишке киргизүүнү айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн бирине өзүнүн атынан белекти символикалык түрдө жөнөтүүсү сапардын өзгөчөлүгү болду. Анда 50 белек топтомунда билим берүүчү оюндар, китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар бар.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Европанын чок ортосунда мындай борбордун ачылышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын чыңдап, ата мекендик өндүрүшчүлөр менен ишкерлер үчүн европалык рыноктордо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган маанилүү кадам.

Ошондой эле ал жөнөтүлгөн белектер Бишкекке ылдамыраак жетип, Жаңы жылды утурлай балдарды кубандырат деген ишенимин билдирди.