Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган алгач Баткенден уюштурулган Биримдик кербени" Жалал-Абад облусуна келди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кербен буга чейин Ош облусунун райондорун аралап өтүп, бүгүн Манас шаарынын кире бериш аркасынан салтанаттуу тосуп алынды. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев, райондордун жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук жана жаштар катышты.
Ош жана Баткен облустарынын бириккен кербенин Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев жетектеп келди.
Исламбек Увайдуллаев “Биримдик кербени” көчмөн элдин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын даңазалаган маанилүү долбоор экенин белгиледи. Ал кербен менен кошо алып келинген ыйык булактардын суусу тынчтыктын, тазалыктын жана ынтымактын символу экенин айтты.
Иш-чара улуттук маданиятты жана элдин биримдигин даңазалаган концерттик программа менен коштолду.
Маршрутка ылайык, кербен Жалал-Абад облусунан кийин Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын өкүлдөрү менен биригип, Балыкчы шаарында жалпы республикалык "Биримдик кербенине" кошулат. Андан соң жүрүш "Кырчын" жайлоосуна багыт алып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасына катышат.
Белгилей кетсек, географиялык жайгашкан абалына байланыштуу бүгүн Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы жана Ала-Бука райондорунан түзүлгөн "Биримдик кербени" Талас облусуна жетип, салтанаттуу тосуп алынган.