“Биримдик кербени” Жалал-Абаддан чыгып Таласка жетти

Көчмөндөр оюндары-2026 Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 11:10
764925300_2155261995341053_6151277351191067664_n.jpg
765929635_2155262022007717_432765984126164852_n.jpg
764807193_2155261942007725_1270885566106839666_n.jpg
764907011_2155261938674392_6936851003522185939_n.jpg
764711818_2155262058674380_4913883515276454994_n.jpg
764832949_2155261985341054_500648059204298203_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунан чыккан “Биримдик кербени” Талас облусуна жетти. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Биримдик кербени” VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп, анын катышуучулары кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын жана бай маданий мурасын даңазалап келе жатышат. Алар өлкөнүн 40 районунан чогултулган булактардын суусун Ысык-Көл облусуна алып барышат.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган “40 уук – бир түндүк” аталышындагы салтанаттуу иш-чарада суу бир идишке бириктирилет.

Белгилей кетсек, “Биримдик кербени” 25-июлдан 2-сентябрга чейин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып өтөт. Долбоорго 400дөн ашуун адам катышат.