Баткен облусунда дээрлик 14 миң гектардан кылкандуу дан эгиндери жыйналды

Аймак 25 июль 2025 17:35
mobile_high-1t7u.jpg
522721419_1285177369642382_2893142352521033400_n.jpg
Алдыга
Артка
mobile_high-1t7u.jpg
522721419_1285177369642382_2893142352521033400_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Баткен облусунда учурда дээрлик 14 миң гектардан кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Бул тууралуу Баткен облусунда жарым жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылганын өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27 057 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилип, учурда 13 490 гектарынан түшүм жыйналды же 50%га аткарылды.

2025-жылдын январь-июнь айында өнөр жай ишканалары тарабынан 4596,5 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 126,4% түздү, айыл чарбасы 8842,3 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,7 %га жетти.