Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү санариптик көндүмдөрүн жогорулатууда

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 11:20
763847509_1109420995459985_4135698736453938398_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Башкы прокуратурасы ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен иштөө боюнча жаңы окутуу форматын киргизүүдө.

Машкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, жаңы ыкма тергөөчүлөрдүн санариптик технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана электрондук кылмыш иштерин жүргүзүү боюнча практикалык даярдыгын жогорулатууга багытталган.

762831377_1044699318147969_5569300257844358362_n.jpg

Окутуунун алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана аймактык ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү реалдуу иш шарттарына жакындатылган тесттик чөйрөдө практикалык сабактардан өтүштү.

Анын жыйынтыгында кызматкерлерди даярдоонун бирдиктүү методикасы жана кесиптик компетенцияларды баалоо боюнча чек-баракча иштелип чыгып, алар мындан ары өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында колдонулат.