Баланын иммунитетин кантип чыңдоо керек? Дарыгерлердин кеңеши

Ден соолук Загрузка... 10 Июль 2026 14:10
hands-family-hand-i.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Баланын иммунитети негизинен үй-бүлөнүн жашоо образынан жана ата-эненин күнүмдүк адаттарынан улам калыптанат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

№1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Сабира Исабаева белгилегендей, баланын ден соолугун чыңдоо үчүн күн тартибин сактоо, өз убагында уктатуу, күн сайын таза абада сейилдөө жана үзгүлтүксүз массаж жасап туруу маанилүү.

Адистин айтымында, тамактанууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бала алты айга толгондон баштап, кошумча тамакты туура киргизип, аны пайдалуу жана тең салмактуу азыктарга акырындык менен көндүрүү керек.

Дарыгер кошумча тамакты адегенде бир-эки кашыктан баштоо сунушталарын, кийинчерээк анын көлөмүн 10-15 кашыкка чейин жеткирүү керектигин түшүндүрдү. Жаңы тамакты күнүнө 2-3 жолу берип, муну менен катар эле эне сүтү менен эмизүүнү да улантуу зарыл.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан баланын сергек жашоо образынын негизин дал ушул ата-энелер түптөй турганын баса белгилешти. Жөнөкөй сунуштарды сактоо – толук кандуу уйку, сейилдөө, туура тамактануу жана кошумча тамакты өз убагында берүү – баланын иммунитетин чыңдоого көмөктөшөт жана кичинекей кезинен баштап туура тамактануу адаттарын калыптандырууга жардам берет.