Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, аталган жөлөк пулду алуу тартибин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүп, жарандардын убаракерчилигин азайтуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
“Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында бүгүнкү күндөн тартып 1-июлга чейин жаңы жөлөк пулду берүү боюнча жол-жоболор жана механизмдер иштелип чыгат. Ошондой эле үй-бүлөлөрдүн убаракерчилигин азайтуу үчүн электрондук модуль иштеп чыгуу пландалууда. Ага ылайык, бала төрөлгөндөн тарта жөлөк пул автоматтык түрдө дайындалып, анын эсебине түшүп турушу каралат. Бул үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Бүгүн “Кызмат”, “Түндүк” мекемелери, башка мамлекеттик органдар жана программисттердин катышуусунда атайын кеңешме өтөт”,-деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров "Бала ырысы" жаңы мамлекеттик жөлөк пулун киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сом өлчөмүндө төлөнүп берилери айтылган.