Кыргызстанда үй-бүлөлөрдү колдоо максатында жаңы жөлөк пул ишке кирди. Ар бир үч жашка чейинки балага ай сайын 1200 сом өлчөмүндө каражат төлөнүп берилмей болду. Бул социалдык чаралар үй-бүлөлөргө жардам берип, балдардын жакшы өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзөт.
Президент Садыр Жапаров “Бала ырысы” аттуу жаңы мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул чара балдар арасындагы жакырчылыкты азайтууга жана үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган.
Жөлөк пул 2026-жылдын 1-июлунан баштап төлөнө баштайт жана үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1200 сом өлчөмүндө берилет.
Мамлекет башчысы бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи.
“Энелердин басымдуу бөлүгүнүн чыныгы муктаждыктары көп учурда көңүл сыртында калууда. Үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам сурап кайрылышат, бирок колдоо алуунун ордуна баш тартууларга жана бүтпөгөн бюрократиялык жол-жоболорго туш болушат”,- деди президент.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартова “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда аталган жаңы жөлөк пулун берүү тартиби иштелип чыгууда. Механизм толук иштелип чыккандан кийин каражатты төлөө эрежелери жана жолдору белгилүү болот.
“Жөлөк пул “Бала ырысы” деп аталат. Ал балдардын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына карабастан, кирешесине жана муктаждыгына карабай баарына берилет. Учурда министрлик жөлөк пулду төлөө механизмин иштеп чыгууда”,-деди адис.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейин 500 миңге жакын бала бар.
Акыркы жылдары өлкөдө социалдык колдоо системасы туруктуу жана натыйжалуу өнүгүүдө.
“Балага сүйүнчү” - бир жолку төлөм ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилип келет жана анын өлчөмү 4 000 сомду түзөт. Эгер үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулунун негизинде бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардагы, өзгөчө чек арадагы калктуу конуштардын тургундарынын 3 жашка чейинки балдарына төлөнө баштады. Өлчөмү 3 000 сомду түзөт.
Ошондой эле “Бала береке” жөлөк пулу аркылуу тоолуу аймактардагы үй-бүлөлөргө балдардын төрөлүү санына жараша 100 миң сомдон 2 млн сомго чейин төлөнүп берилмей болду. Бул төлөм 1-январдан тарта күчүнө кирди. Каражаттар балдар бир жашка чыкканда берилип баштайт.