БАЭдеги мекендештерге: Мейманканадан чыгарып жатса эмне кылуу керек – нускама

Коом Загрузка... 03 Март 2026 09:48
Bez_nazvaniya_EBEgc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) мейманканалардан чыгарылып жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча нускама таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга байланыштуу БАЭ бийлиги мейманканаларга убактысы аяктаган коноктордун жашап туруусун акысыз узартуу боюнча көрсөтмөлөрдү жөнөткөн. Эгерде сизди мейманканадан чыгарып жиберишсе, чыгарып жатышса же чыгарууга камынышса, төмөнкүдөй аракеттерди көрүңүз:

Тынчтыкты сактап, мейманканада калуу укугуңузду сылыктык менен билдириңиз: Кабыл алуу бөлүмүнүн кызматкерине же менеджерине БАЭнин компетенттүү органдарынын директиваларына ылайык, мейманкана чектөөлөр колдонулуп жаткан мезгилде коноктордун жашоо мөөнөтүн акысыз узартууга милдеттүү экенин жайбаракат түшүндүрүңүз.

Бөлмөнү өз ыктыярыңыз менен бошотпоңуз: Сизге башка жай берилмейинче жана негиздүү себептери түшүндүрүлмөйүнчө, буюмдарыңызды алып чыкпаңыз жана мейманканадан чыгуу/чыгарылуу тууралуу документтерге кол койбоңуз.

Жооптуу адамды чакырууну талап кылыңыз: Нөөмөтчү менеджерди (duty manager) же мейманкананын башкаруучусун (hotel manager) чакырууну сураныңыз жана жашоо мөөнөтүн узартуу өтүнүчүңүздү мейманкананын журналына же системасына каттатууну талап кылыңыз.

Кысым көрсөтүлсө — полиция чакырууну талап кылыңыз: Полициянын номери: 999. Эгерде мейманкана сизди чыгарууну катуу талап кылса, полицияны өзүңүз чакырыңыз же мейманкана кызматкерлеринен кырдаалды расмий каттоо үчүн полиция чакырууну сураныңыз.

Өз эсебиңизден акы төлөбөңүз: Эгерде сиз жашоо акысын өзүңүз төлөп койсоңуз, адатта ал каражаттар кайтарылып берилбейт.

Болуп жаткан окуяларды каттаңыз: Мейманкананын аталышын, кабыл алуу бөлүмүн, билдирүүлөрдү, кат алышууларды жана эсеп-фактураларды сүрөткө же видеого тартып алыңыз. Мүмкүн болсо, сизди чыгарууну талап кылган кызматкердин атын жазып алыңыз. Бардык чекти жана документтерди сактаңыз.

Тезинен Кыргызстандын элчилигине же Башкы консулдугуна кабарлаңыз: Төмөнкү маалыматтарды бериңиз: мейманкананын аталышы, дареги/району, бөлмө номери, аты-жөнүңүз, телефон номериңиз, жаныңызда канча адам бар (анын ичинде балдар/карылар) жана мейманкана сизден так эмнени талап кылып жатат (чыгаруу/төлөө/башка жакка көчүрүү).

Эгерде сизди чыгарып жиберишсе: Полиция келгенге чейин же мейманкана жетекчилиги менен маселе чечилгенге чейин мүмкүн болушунча мейманкананын аймагында болуңуз. Дароо чет өлкөдөгү мекемелер менен байланышып, бардык деталдарды кабарлаңыз.

Байланыш телефондору (күнү-түнү): Кыргызстандын элчилиги/Башкы консулдугу: +971 52 291 8840, +971 52 222 5269.

Маселени чечүү үчүн англис тилиндеги кыска билдирүү: "I am a stranded guest due to the current situation and flight disruptions. UAE authorities instructed hotels to extend guests' stay free of charge. Please escalate this to the duty manager. If you insist on eviction, please call the police so the matter can be officially recorded."

(Кыргызча мааниси: Мен түзүлгөн кырдаалга жана авиакаттамдардын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу кыйын абалда калган конокмун. БАЭ бийлиги мейманканаларга коноктордун жашоо мөөнөтүн акысыз узартууну тапшырган. Бул маселени нөөмөтчү менеджерге жеткириңиз. Эгерде мени чыгарууну талап кылсаңыз, кырдаал расмий түрдө катталышы үчүн полиция чакырыңыз).