Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

Шайлоо Загрузка... 18 Февраль 2026 11:10
3665794.ca22dfd0ea9a61aad4143b5f8705db24.500 (1).jpg
copyright icon БШК

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Абдуллаев Азизбек Ашимжановичке Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Боршайкомдон билдиришкендей, ага ылайык Азизбек Абдуллаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилет. Ал Элдар Сулаймановдун ордуна депутат болуп келет.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган шайлоо округунан депутат болуп шайланган Элдар Сулайманов өзү жазган арызына ылайык, депутаттык мандатынан ажыратылган.