Мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө жол берилбейт – БШК

Шайлоо
Мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө жол берилбейт – БШК
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлер расмий каттоодон өткөндөн кийин, 23-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзө башташат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, алар шайлоочулар менен жолугушуп, үгүт материалдарын таратып, мыйзамда каралган башка иштерди аткара алышат.

"Үгүт иштеринин жүрүшүндө мыйзам талаптарынын сакталышы көзөмөлдөнөт. Эгер мыйзам бузуу фактылары аныкталса, жарандар Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыла алышат. БШКда үгүт иштерин жүргүзүү тартибинин сакталышы боюнча түшкөн арыздарды кабыл алып, карай турган жумушчу топтор бар. Алар келип түшкөн арыздарды өз жыйындарында карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышат", - деди Жупуева.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.