Президенттике талапкерлерди каттоо 22-декабрда аяктайт

Шайлоо
Президенттике талапкерлерди каттоо 22-декабрда аяктайт
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди каттоо 22-декабрда аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди.

"Ал эми шайлоочулардын колун чогултуу жараяны 7-декабрга чейин уланат. Ошондой эле талапкерлер мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бергендигин тастыктаган калган документтерин 13-ноябрга чейин БШКга тапшырышы керек", - деди ал.

Ал белгилегендей, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу 10 күндүн ичинде бардык документтерди карап чыгып, мыйзамдагы талаптарга шайкештигин текшерет.

"Андан соң талапкерлерди каттоодон өткөрөбүз", - деген Жупуева шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан тартып 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.