Президенттик шайлоо: 10 адам катышуу ниетин билдирди

Шайлоо
Президенттик шайлоо: 10 адам катышуу ниетин билдирди
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына 10 жаран арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, алар:

  • Аймен Касенов;
  • Азамат Эсенбеков;
  • Сыймык Жапыкеев;
  • Акай Кыдыров;
  • Исхак Масалиев;
  • Садыр Жапаров;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Бакытбек Адылов;
  • Амур Айба Медер;
  • Мамбетжунус Абылов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.