Президенттик шайлоо: Талапкерлерге кандай талаптар коюлат?

Шайлоо
Президенттик шайлоо: Талапкерлерге кандай талаптар коюлат?
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда президенттик кызматка талапкер болууну каалаган жаран 35 жашка толгон, Кыргызстандын жараны болушу жана мамлекеттик тилди белгиленген деңгээлде билиши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле талапкерде башка мамлекеттин жарандыгы болбошу зарыл.

"Талапкерлер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификатты БШКга тапшырышы керек. Бул деңгээлди "Кыргызтест" аныктайт. Талапкерлер мамлекеттик тилди B2 деңгээлинде билгендигин тастыктаган сертификатын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышат", – деди Жупуева.

Мындан тышкары, президенттикке талапкер Кыргызстанда жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган болушу шарт. Ал эми мамлекеттик тилди билүү талабы мыйзамда "ортодон жогору" деңгээл катары белгиленген.