БШК: Депутат Элдар Сулайманов мандатынан ажыратылды

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 14:09
1901426.cdbb8ce1e9efaab980b2cff2b3a65a50.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Боршайкомдон билдиришкендей, анда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралды.

БШКнын чечимине ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары анын өзү берген жеке арызынын негизинде токтотулду. Мындан тышкары, Элдар Сулаймановго берилген депутаттык ырастама жараксыз деп таанылды.