Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Былтыр республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 11 пайызга жакыны билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 5 миңге жакын уюмдар иштейт, аларда 133 миңге жакын педагогдор 2,3 млн тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.
Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 94 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 36 миңге жакыны шаардык, 58 миңи айыл жерлериндеги мугалимдер.
2025-2026-окуу жылынын башына карата республикада 2 374 күндүзгү жалпы орто билим берүүчү уюмдар иштеген.
Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 87 пайызын аялдар түзөт, алардын 5 пайыздан ашыгы директордун жана директордун орун басары кызматын ээлешет.
Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2025-2026-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү.
Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде - 15 окуучу туура келет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ар бир бешинчи студенти педагог кесибин тандаган.
2025-2026-окуу жылында жогорку кесиптик билим берүү уюмдары тарабынан 10 миңден ашык келечектеги педагогикалык кызматкерлер даярдалып чыгарылды.
Белгилей кетсек, жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген.
2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргызстанда Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.