Спутниктик мониторинг тоолуу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат – эксперт

Коом 2 октябрь 2026 18:05
Спутниктик мониторинг тоолуу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат – эксперт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактары жана климаттык өзгөчөлүктөрү биринчи улуттук спутнигин учурууну өлкө үчүн маанилүү зарылчылыкка айлантат. Бул тууралуу туруктуу өнүгүү боюнча эксперт, Unison Group компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан - тоолуу өлкө жана жетүүгө кыйын болгон аймактар көп. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу акыркы жылдары мындай жерлерде өзгөчө кырдаалдардын саны да көбөйүүдө.

"Биз тоолуу аймакта жашайбыз, жетүүгө кыйын жерлер көп. Климаттын өзгөрүшүнөн улам жаан-чачындын көлөмү өзгөрүп, кар катмары азайып, мөңгүлөрдүн тезирээк эришине алып келүүдө. Дүйнөнүн айрым тоолуу аймактарында жер көчкү сыяктуу процесстер болуп жатат. Ошондуктан космостон маалымат алуу биз үчүн өтө маанилүү. Спутниктен алынган сүрөттөрдү геомаалыматтык (ГИС) жана метеорологиялык маалыматтар менен айкалыштырып, сапаттуу талдоо жүргүзсөк, мындай процесстерди алдын ала болжолдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди Нурзат Абдырасулова.

Эксперттин белгилешинче, биз маалыматты ар тараптуу чогултуу маанилүү болгон технологиялык доордо жашап жатабыз. Спутникти учуруу - иштин биринчи гана этабы. Андан ары космостук мониторингден алынган маалыматтардын негизинде мамлекеттик башкаруунун толук системасын түзүү зарыл.

"Бул маалыматтарды мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алууда улуттук деңгээлде кеңири колдонууга өткөрүшүбүз керек. Алар түшүмдүүлүктү баалоо, кургакчылыкты болжолдоо, мал жаюуну пландаштыруу, токой отургузуу, ошондой эле кайсы жерлерде жолдорду жана көпүрөлөрдү бекемдөө зарыл экенин аныктоо үчүн керек. Буга чейин мындай маалыматтар бизде тар чөйрөдө, негизинен долбоордук максаттарда гана колдонулуп келген. Эми инженерлерди жана аналитиктерди көбүрөөк даярдап, космостук маалыматтарды жер-жерлердеги санариптик маалыматтар менен байланыштырып, аларды башкарууда колдонууга үйрөтүү маанилүү", - деп түшүндүрдү Unison Group компаниясынын президенти.

Сөзүнүн соңунда Нурзат Абдырасулова бул кадам Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы багытына негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

"Бул биздин өлкө үчүн чындап маанилүү окуя - Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигинин учурулушу. Бул жаңылыкка абдан кубанычтамын. Ал Кыргызстанды технологиялык жактан өнүктүрүүнүн таптакыр жаңы багытынын башталышы болуп, мындан ары да активдүү уланат деп ишенем", - деди эксперт.

Эске салсак, 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага ийгиликтүү чыгарылган. Аны учуруу аземине АКШга болгон жумушчу сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров катышкан. SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү Калифорниядагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасынан учурулган.