ЮНЕСКО Кыргызстандагы байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө көмөк көрсөтөт

Коом 2 октябрь 2026 18:25
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Франциянын борбор калаасы Парижде ЮНЕСКОнун башы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. 

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов, Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз катышты. 

Алгач Марлен Маматалиев Кыргызстан дүйнөдөгү тынчтыкты бекемдөө, билим берүүнү, илимди жана маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле тарыхый, маданий жана жаратылыш мурастарын сактоо жаатындагы ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгүн жогору баалай тургандыгын баса белгилеп, Халед Аль-Анани жетектеген уюмдун ишине ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар кыргыз эли байыркы тарыхка жана уникалдуу маданий мурастарга ээлик кыларын айткан төрага: "Аларды сактап, кийинки муундарга калтыруу максатында ЮНЕСКО менен тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз. Бүгүнкү жолугушуу калыптанган кызматташтыкты бекемдөөгө көмөкчү болот деген ишеничтебиз", – деди. 

Ошону менен бирге Кыргызстан уникалдуу туристтик потенциалга да ээ экенин айтып, тоо экосистемасын сактоо, климаттагы өзгөрүүлөрдүн алдын алуу жана экологияны коргоо боюнча ишке ашырылып жаткан демилгелерге да токтолду.  

Андан тышкары, жолугушууда жер астында жана суу алдында калган байыркы шаарларды изилдөө маселелери да көтөрүлүп, аларды тарыхый мурас катары сактап калуу боюнча ЮНЕСКО менен биргелешип иш алып баруу сунушу айтылды. 

Өз кезегинде Халед Аль-Анани ЮНЕСКО Кыргызстан менен кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгилеп, маданий-гуманитардык багыттагы байланыштардын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылды. 

Анын ичинен байыркы шаардын калдыктарын изилдөөгө окумуштуу, изилдөөчүлөрдү, археолог адистерди жиберүүгө даяр экендиктерин кошумчалады.

Муну менен бирге кийинки жылы "Бишкек+25" II Глобалдык тоо самитин уюштурууга колдоо көрсөтүшөрүн билдирип, “Креативдүү шаар” долбоору боюнча да биргелешип иш алып барууга кызыкдар экендиктерин белгиледи.

Мындан сырткары тараптар тарыхый, маданий жана жаратылыш мурастарын коргоо жаатындагы долбоорлор тууралуу ой бөлүшүп, геопарктарды өнүктүрүү боюнча да сунуш-пикирлерин ортого салышты.