Марлен Маматалиев менен Нуман Куртулмуш кызматташтыкты талкуулады

Саясат
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев Нуман Куртулмуш баштаган түрк делегациясын кыргыз жергесинде тосуп алып жаткандыгына кубанычта экенин билдирип, буга чейинки жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелер тууралуу сөз кылды. 

Андан тышкары, Кыргызстан боордош Түркия мамлекети менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүштү. 

Өз кезегинде Төрага Нуман Куртулмуш ТүркПАнын кезектеги жыйындарын жогорку деңгээлде уюштуруп, көрсөткөн меймандостугу үчүн төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу байланыштардын учурдагы абалына токтолду

Айрыкча эки өлкө башчыларынын тыгыз алакасын парламенттик деңгээлде да жигердүү улантуу керектигин айткан Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин Төрагасын Түркияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. 

Ошондой эле жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы байланыштарды бекемдөө боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты.