Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев Япониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути менен жолугушту.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Марлен Маматалиев эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө быйыл 34 жыл толгонун белгилеп, бул мезгил аралыгында өз ара ишенимге жана достукка негизделген бекем өнөктөштүк калыптанганын жүйө келтирди.
“Биз Япония менен ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Мында депутаттык достук топторунун өз ара сапарлары, үзгүлтүксүз диалог жана тажрыйба алмашуу эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң өбөлгө түзө алат”, – деди төрага.
Ошону менен катар, баарлашуу маалында социалдык-экономикалык жана гуманитардык алакалар да кеңири талкууланды. Төрага Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун маанисин белгилеп, жапон тарапка көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Муну менен бирге, Кыргызстан тоолуу мамлекет катары тоо экосистемасын коргоого өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан Марлен Маматалиев аталган багытта демилгеленген долбоорлорго да токтолду. Анын ичинен кийинки жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине жапон тараптын жогорку деңгээлде катышып, демилгелерди колдоого аларына үмүт артты. Ошондой эле кесиптеши Масакудзу Сэкигутини Кыргызстанга расмий сапар менен ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды.
Ал эми Жапониянын парламентинин Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути Марлен Маматалиев баштаган кыргыз парламентинин делегациясы менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин билдирип, парламенттер аралык дипломатия эки өлкөнүн байланышын бекемдөөдө чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Андан тышкары, Жапония Кыргызстан менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин айтып, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы артыкчылыктуу тармактарга токтолду.
Муну менен катар, Масакудза Сэкигути Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин Туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, өлкөдөгү соңку экономикалык жетишкендиктерден да кабары бар экенин эске салды.
Жолугушууга катышып жаткан эки өлкөнүн кызматташтыгына тиешелүү депутаттык достук топторунун жетекчилери да сөз сүйлөп, байланыштарды бекемдөө жаатындагы сунуштарын ортого салышты.
Баарлашуудан кийин Жогорку Кеңештин делегациясына Императордук зал тааныштырылып, Сенаттын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди жана жыйындар залы менен парламенттин музейи көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек жолугушууга депутаттар Талайбек Масабиров, Талант Мамытов, Элвира Сурабалдиева, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Бурул Аманова, Максат Алымбеков, Эрулан Көкүлов катышты.