Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Кыргызстандыктар Азербайжандын аймагында 90 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.
Элчиликтин маалыматына ылайык, Азербайжанда эмгек мигранттары жок. Өлкөнүн аймагында аз сандагы кыргыз жарандары жашайт. Алардын басымдуу бөлүгүн этникалык азербайжандыктар түзөт.
Элчилик ошондой эле кыргызстандыктар Азербайжандын аймагында 90 күнгө чейин убактылуу жүрө аларын белгиледи. Ошол эле учурда анда 15 күндөн ашык убактылуу жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек.
Өлкөгө келгенден кийин 15 күндүн ичинде Азербайжандын мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтынын электрондук кызматтары аркылуу, электрондук почта же аймактык миграция башкармалыктары жана мамлекеттик тейлөө борборлору аркылуу каттоого арыз берүү зарыл.
Каттоо үчүн арыз-анкета жана чет өлкөлүктүн паспорту же башка жол жүрүү документинин көчүрмөсү (визасы жана өлкөгө акыркы жолу киргендиги көрсөтүлгөн барак менен кошо) талап кылынат. Ошондой эле чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды жашаган жери боюнча каттоо үчүн мамлекеттик алым алынбайт.