Авиациядагы секирик: Жүргүнчүлөрдүн агымы 52%га өстү

Коом 5 март 2026 15:20
Авиациядагы секирик: Жүргүнчүлөрдүн агымы 52%га өстү

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. 2021-2025-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн саны 52% өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга “Airbus А321ceo” үлгүсүндөгү эки учак сатып алуу боюнча келишимге кол коюу аземинде билдирди.

Анын айтымында, ал эми аткарылган аба каттамдары 53% өскөн.

"2021-жылы өлкө аймагы боюнча 5 аэропорт иш алып барса, бүгүнкү күнү мамлекеттеги бардык аэропорттор иштеп жатат", - деди минкаб төрагасы.