Бишкек, 17.02.26 /Кабар/. Жайыттардын деградациясын азайтуунун негизги жолу — малдын санын көбөйтүү эмес, анын сапатын жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев "Ала-Тоо Live" программасынын эфиринде "Агродиалог-2026" агроөнөр жай форуму тууралуу айтып жатып билдирди.
Анын айтымында, жайыттардын деградациясы өлкө үчүн актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Адистердин баалоосунда, жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдын үлүшүн көбөйтүү менен жайыттарга түшкөн жүктөмдү 5 пайызга чейин азайтууга болот. Башкача айтканда, саны аз, бирок өндүрүмдүүлүгү жогору болгон эт жана сүт багытындагы малды багуу экономикалык жана экологиялык жактан натыйжалуу чечим болуп саналат.
Бул максатта өлкөгө жогорку сапаттагы асыл тукум породалардын, анын ичинде "Абердин-Ангус" (Aberdeen Angus), "Симментал" (Simmental) жана швед породаларынын уруктары алып келинди. Уруктар ветеринардык жана техникалык адистер аркылуу фермерлерге таратылып берилди, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү программасынын алкагында консультациялык колдоо көрсөтүлүүдө.
Күз мезгилинен кийин жаңы породалардын өсүү жана өндүрүмдүүлүк көрсөткүчтөрү талданып, жыйынтыгында долбоордун натыйжалуулугуна баа берилери такталды.
Министрликтин өкүлү белгилегендей, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү — жайыттарды сактап калууга жана айыл чарбасынын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык кадам.