Асыл тукум мал чарбачылыгы: Кайсы породаны тандоо керек? Адистин кеңеши

Коом Загрузка... 04 Март 2026 11:48
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана анын сүттүүлүк, майлуулук жана эт багытындагы артыкчылыктарын жогорулатуу максатында адистер швиц, симментал, голштино-фриз жана абердин-ангус сыяктуу асыл тукум породаларды багууну сунушташат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Төмөндө ар бир породанын өзүнө мүнөздүү артыкчылыктары жана багыттары боюнча маалымат берилет.

Сүт багыты: голштино-фриз породасы

Эгерде чарбанын негизги багыты сүт өндүрүү болсо, голштино-фриз породасы эң ылайыктуу тандоо болуп саналат.

  • жылына орточо 7-10 миң литрге чейин сүт берет.
  • майлуулугу орточо 3,6-3,8 пайызды түзөт.
  • Бул порода интенсивдүү (өзгөчө кам көрүү жана тоюттандыруу) шартта эң жогорку натыйжаларды көрсөтөт.

Эт багыты: абердин-ангус породасы

Сапаттуу эт өндүрүүнү көздөгөн фермерлер үчүн абердин-ангус породасы сунушталат.

  • тез жетилет жана эрте семирет;
  • дүйнө жүзүндө жогору бааланган "мрамор сымал" сапаттуу эт берет;
  • тоютту жакшы сиңирет жана жайыт шартында багууга абдан ыңгайлуу.

Универсалдуу (эт жана сүт) багыт: швиц жана симментал

Этти да, сүттү да бирдей алууну каалагандар үчүн универсалдуу породалар ылайыктуу:

  • швиц: жылына орточо 7-8 миң литр сүт (майлуулугу 3,8–4 пайыз) берет, климаттык шарттарга туруктуулугу менен айырмаланат.
  • симментал: жылына 8-9 миң литрге чейин сүт берет, сүтүнүн майлуулугу 3,8-4,2 пайызды түзүп, эт багытында да жогорку көрсөткүчтөргө ээ.

Адистер малдын сапаты бир гана генден эмес, туура тоюттандыруудан (протеин жана минералдык кошулмалар), багуу шартынан жана ветеринардык тейлөөдөн көз каранды экенин эскертишет:

  1. Рациондо протеинге жана минералдык кошулмаларга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
  2. Багуу шарты жана өз убагындагы ветеринардык тейлөө негизги ролду ойнойт.
  3. Малдын сапатын жакшыртуу үчүн жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуу эң натыйжалуу жол.

Малдын сапатын жакшыртуунун эң натыйжалуу жолу — жасалма уруктандыруу. Фермерлерге жергиликтүү техник-уруктандыруучуларга кайрылып, асыл тукум букалардын уругун пайдалануу сунушталат. Бул ыкма чарбанын кирешесин кыска убакытта жогорулатууга өбөлгө түзөт.