Ашууларда жолдор ачык, каттам бар – Транспорт министрлиги

Коом Загрузка... 03 Ноябрь 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-11-01 at 13.10.36.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Министрлик өлкөдө күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлгөн даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет кызматы 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.