Жаан карга айланат. Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 3 ноябрь 2025 10:30
Жаан карга айланат. Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 4-5-ноябрда республиканын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.