Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Соңку 10–15 жыл ичинде Кыргызстанда кардиология тармагы олуттуу деңгээлде өнүктү. Бул тууралуу “Кабар подкаст” берүүсүндө саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү бир топ жакшырды.
“Бул аралыкта диагноз коюу сапаты жакшырды, аймактарда жүрөктүн ЭКГ (эхокардиография) изилдөөсү кеңири колдонулууда. Азыр дээрлик бардык облустарда ангиограф жабдуулары орнотулуп, курч кармаган инфаркт учурунда жардам көрсөтүү системасы калыптанууда”, — деди министр.
Ошол эле учурда өлкөдө жүрөк-кан тамыр оорулары эң көп кездешкен жана өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда.
Министр белгилегендей, бул көрсөткүчтү жакшыртуу үчүн жарандардын өз ден соолугуна болгон мамилесин өзгөртүү да өтө маанилүү.