Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу жаан-чачын күтүлөт

Коом Загрузка... 09 Март 2026 18:00
WhatsApp_Image_2026_eDdu7iS.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 10-марттан 16-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Аптанын алгачкы күндөрү көпчүлүк облустарда жаан-чачын катуу жаап, жолдор тайгак болушу болжолдонууда.

Чүй жана Талас облустары

Чүй облусунда 10-мартта жаан, кар жааса, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. 11-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаап, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. 12-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусунда 10-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын, тоолуу райондордо кар жаайт. 11-мартта түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, ал эми күндүз жана 12-16-марттарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

1649749211_1-vsegda.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Ош жана Жалал-Абад облустарында 10-11-март күндөрү жаан-чачын катуу болуп, тоолуу аймактарга кар түшөт. 12-14-мартта күн ачык болот. Ал эми Ош жана Баткен облустарында 15-мартта күндүз жана 16-мартта кайрадан айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланышы күтүлөт.

Баткен облусунда 10-мартта күндүз жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 11-мартта түнкүсүн кар жааса, күндүз жана 12-14-март күндөрү аба ырайы туруктуу болот.

23b3e1883349a266abb_sJujXHz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Ысык-Көл облусунда 10-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. 11-мартта жана 12-марттын түнүндө айрым жерлерде кар жаайт. 13-16-март аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда 10-11-март күндөрү кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачындын деңгээли катуу болушу ыктымал. 12-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Облустун жолдорунда тоңголок жана тайгак болушу күтүлгөндүктөн, айдоочуларга этият болуу сунушталат.