Бишкек, 25.07.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы 25-июлдан 31-июлга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.
Ага ылайык, 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн
күркүрөшү мүмкүн. Ал эми 26-июлда түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 27-июлда күн ачык болот. 28-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 29-июлда жана 30-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 31-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.
25-июль: түнкүсүн 13…15 күндүз 22…24
26-июль: түнкүсүн 14…16 күндүз 23…25
27-июль: түнкүсүн 13…15 күндүз 22…24
28-июль: түнкүсүн 14…16 күндүз 23…25
29-июль: түнкүсүн 14…16 күндүз 25…26
30-июль: түнкүсүн 14…16 күндүз 24…26
31-июль: түнкүсүн 14…16 күндүз 25…26.