Алайда октон жаракат алган аскердин абалы оор: Министр көзөмөлгө алды

Коом 09 Апрель 2026 16:30
669658759_969219925505376_7303622751012996866_n.jpg
667745791_969219895505379_3587405355075139461_n.jpg
667807884_969219888838713_4672428823812045802_n.jpg
Алдыга
Артка
669658759_969219925505376_7303622751012996866_n.jpg
667745791_969219895505379_3587405355075139461_n.jpg
667807884_969219888838713_4672428823812045802_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунда октон жаракат алган аскер кызматкеринин абалынан кабар алып, дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Алай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун реанимация бөлүмүнө барып, бейтаптын абалы менен жеринде таанышты. Ошондой эле бейтаптын жакындары менен да жолугуп, дарылоо процесси тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, бейтапка өз убагында керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, тармактык адистер тартылган, анын ичинде санитардык авиация аркылуу 7-апрелде Алайга Ош областтык бириктирилген клиникалык ооруканасынан эки нейрохирург жана анестезиолог-реаниматологдон турган адистер тобу жөнөтүлүп, операция жасалган.

Учурда бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө, анын абалы өтө оор деп бааланууда. Министр бейтапты дарылоону өзгөчө көзөмөлгө алып, керектүү адистерди тартуу менен улантууну тапшырды.

Мекемеге болгон сапардын алкагында аталган борбордун хирургия бөлүмүн кыдырып, кадрдык камсыздоо жана жаш адистердин жашоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле, Алайда 200 орундуу жаңы оорукананын курулушу пландалып жаткан жер тилкесин көрүп чыкты.

Эске салсак, кечээ Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп келген 2004-жылы туулган И. уулу А. АК-74 автоматынан ок чыгарып, өмүрүнө кол салууга аракет кылган.