Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн биринде аскер кызматкери өзүн-өзү башка атып алган.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, келишимдик негизде кызмат өтөп келген 2004-жылы туулган И. уулу А. АК-74 автоматынан ок чыгарып, өмүрүнө кол салууга аракет кылган.
Бул факт боюнча тийиштүү укук коргоо органдарына маалымат берилди.
Учурда окуянын чоо-жайын жана себептерин аныктоо максатында ведомстволук кызматтык териштирүү дайындалды.