"Ала-Арчада" жаңы асма жол пайдаланууга берилди: Саатына 1000 адамды тейлей алат

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Бүгүн “Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жол өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Асма жолдун узундугу - 1 чакырымды түзөт. Анда 10 киши батчу 16 фуникулёр кабина орнотулган. Анын экөө VIP- кабина, ал 4 кишиге ылайыкташкан. Жогорку станциясы - 2494 м бийиктикте, төмөнкү станциясы - 2166 м бийиктикте жайгашкан. Кызмат кылуу мөөнөтү 50 жыл деп мерчемделген. Саатына миң адамды тоо башына жеткире алат.

Асма жолдун жогорку станциясына 20 A-frame үй жана 3 кабаттуу эко-мейманкана курулууда.

Эскерте кетсек, курулуш иштери 2025-жылдын январь айында башталган. Иштерди асма жолдорду долбоорлоо, куруу жана тейлөө боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири - австриялык Doppelmayr компаниясы аткарды.

Маршруттун жалпы узундугу 23 чакырымды түзөт. Учурда курулуштун биринчи этабы аяктады.

Бул долбоорлор санариптештирүү жана экологияга аяр мамиле жасоо деген принциптер менен ишке ашырылып келүүдө.