Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, тоо башына мейманкана, тамактануучу жайлар эрежелерди сактоо менен экологиялык стандарттарга ылайык курулууда.
“Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир кокту, капчыгайларын “Ала-Арчадагыдай” деңгээлге жеткиришибиз керек. Каракол шаарында, Нарында “Салкын-Төр” жасалууда. Жалал-Абаддагы “Сары-Челек” коругунун базалык инфраструктурасы жакшыртылып, жолдору оңдолууда",-деди.